• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы. Берлинде футболдук турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. 7-сентябрда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчисинин кубогу үчүн 13-футболдук турнир өткөрүлдү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жана Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулуп, SC Schwarz-Weiss Spandau 1953 eV футбол клубунун колдоосу менен өткөрүлдү. Турнир Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.

Футболдук турнирге Германиянын ар кайсы шаарларынан жана коңшу Европа өлкөлөрүнөн келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана кыргызстандыктардан куралган 20 команда катышты.

Иш-чаранын расмий ачылышында Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал катышуучуларды Кыргызстандын Эгемендик күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый жолуна жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Өмүрбек Текебаев мындай иш-чаралар Германиядагы жана Европадагы кыргыз диаспорасынын биримдигин жана мекенчил духун бекемдөөгө көмөктөшөрүн белгиледи.

Турнирдин алкагында 10-12 жаштагы жаш футболчулар үчүн балдар матчы жана волейбол боюнча мелдештер өткөрүлдү. Конокторго кыргыз улуттук тамак-аштары жана суусундуктары тартууланды.

Футболдук турнирдин жеңүүчүсү болуп Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык аймагынан келген "NRW KG" командасы аталды.

Пикир

Оставить комментарий