Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 19-24.11.2018

Аналитика 0

ПСЖ+тун потенциалы. Кыргызстан ПСЖ+тун (Преференциялардын жалпы схемасы) бардык преференция жөндөмдүүлүгүн колдонбой жатат.

Тышкы байланыштардын европалык кызматынын Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Борис Ярошевичтин айтуусунда, аталган жеңилдетүү схемасынын артыкчылыктарынын 50 пайызы дагы колдонулган жок. Бул жерде эң негизги себеп Кыргызстандан келген азыктардын тиешелүү сапатынын жоктугу.

“Ошондой эле лабораторияларга жана азыктарды баалоодо маселелер бар. Биз Кыргызстандык ишкерлерди Европанын рыногуна чыгууда колдоого даярбыз”, - деди ал.

Андан тышкары Евробиримдик Кыргызстанга керектүү лабораторияларды салууга көмөк көрсөтүүнү пландайбы деген суроого Ярошевич Евробиримдиктин андай мүмкүнчүлүгү бар деп белгиледи.

Маморгандардын кирешеси. Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн кирешелер боюнча мамлекеттик ведомстволордун арасында Билим берүү жана илим министрлиги Бажы кызматын жана башкы бардык министрликтерден алдыда турат.

“Ачык бюджет” сайтынын маалыматына караганда, 11 айдын ичинде Билим берүү министрлиги 3 миллиард 528 миллион 864 сом тапкан. 2017-жылдын 11 айында ведомство 3 миллиард 302 миллион 549 миң 462 сом тапкан.

Мамлекеттик каттоо кызматы жыл башынан бери 327 миллион 87 миң 614 сом тапкан. Былтыр ушул убакыт ичинде ведомство мамлекетке 269 миллион 483 миң 143 сом алып келген.

Мамлекеттик бажы кызматы 135 миллион 736 миң 40 сом тапкан. Ал эми 2017-жылы 11 айдын ичинде 144 миллион 706 миң 467 сом тапкан.

Лицензиянын үч тобу. КР экономика министрлиги “КРда лицензиялык-уруксат берүү системасы” Мыйзамынын долбоорун иштеп чыкты.

Мыйзам долбоору лицензияны үч топто бөлүүнү сунуштайт:

1. Жалпы улуттук ресурстарга жетүү укугу:

а) ишмердүүлүккө чектелген ресурстар менен же квота пайдалануу менен;

2. Тышкы соода ишмердүүлүгү;

3. Тобокелдик менен байланышкан ишмердүүлүккө уруксат берүү:

Жалпы улуттук ресурстарды пайдалуу үчүн лицензия берүү сынак же тендердин алкагында жүргүзүлөт.

Жарык үчүн төлөм. 2018-жылдын он айынын ичинде “Түндүкэлектр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4 млрд. 715 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 142,5 млн. кВт.саатка көбүрөөк.

Бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 6 млрд. 54 млн. сомду түзүп, анын 6 млрд. 335 млн.сому (104,7 %) чогултулган.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 110 %,

-бюджеттик уюмдар – 100,9 %,

-башка керектөөчүлөр – 100,2 %,

-өндүрүштүк объектилер – 99,7 %,

-айыл-чарба керектөөчүлөрү - 99,6 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу он ай боюнча төмөндөгүдөй:

-Бишкекте төлөм чогултуу 104,4 %

-Чүй облусунда – 104,4 %

-Талас облусунда – 108,3 %.

Дыйкандарга фонд. Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду (РКӨФ)айыл чарбасын, мал чарба продукцияларын кайра иштетүүнү каржылоонун көлөмүн 14-15% көбөйттү.

РКӨФ 2018-жылдын башынан бери айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген жана экспортко чыгууга далалаттанган региондордогу ишкерлерди каржылоону көбөйттү. Бул иш Президенттин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү Жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө».

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, бардык региондордо жергиликтүү ишкерлерди консультациялоону камсыз кылуу үчүн регионалдык борборлор ачылган.

«Биз бардык региондордо консультацияларды берүүчү жана РКӨФтун эсебинен каржылоонун шарттарын түшүндүрүүчү регионалдык консультациялоо борборлорун ачтык. Алар ошондой эле ишкерлерге бизнес план түзүүгө жана каржылоо алуу үчүн зарыл документтерди толтурууга жардам беришет. — деп белгиледи ал.- «Кепилдик фонд» акционердик коомуна региондордо күрөө көйгөйүн чечүү үчүн 200 млн сом бердик»

Мындан тышкары, ушул жылдын апрель айында «түз каржылоонун» алкагында каржылоонун минималдык суммасын миллион доллардан 300 миң долларга чейин азайттык. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата региондордогу ишкерлер РКӨФтун эсебинен каржылоого жетүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту.

“Айыл банктын” активдүүлүгү. Региондорду өнүктүрүү жылында «Айыл Банк» региондордогу долбоорлорду каржылоонун көлөмүн 9дан 12 миллиард сомго чейин көбөйттү.

«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун төрагасы Мурат Акимов билдиргендей, «"Айыл Банктын" миссиясы — региондорду өнүктүрүү, агрардык сектордун өнүгүшүнө көмөктөшүү жана жеткиликтүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу калктын бакубатчылыгын арттыруу. Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган быйылкы жылы бул өзгөчө мааниге ээ болгону бизди кубандырат».

Ал маалымдагандай, чет өлкөлүк насыя компаниялардын каражаттарын тартуу менен «Айыл Банк» 2018-жылдын март айынан тартып айыл чарбасы боюнча насыялардын пайызын 20 пайыздан 18 пайызга чейин азайтты. Ал эми декапитализациялоонун жана активдерди мындан ары өстүрүүнүн эсебинен 2019-жылы 18 пайыздан 16 пайызга чейин азайтуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Индияны багындыруу. 2018-жылдын 14нөн 27-ноябрына чейин Индиянын Нью-Дели шаарында жыл сайын өтүүчү 38-Эл аралык «India International Trade Fair-2018» соода көргөзмөсү өттү.

Ага салттуу түрдө Кыргызстан да катышып келет. Бул жылы республиканын атынан “Арсланбоб” бренди менен чыгарылган азыктар көрсөтүлгөн. Көргөзмөгө келген коноктор кыргыздын кургатылган азыктарын жана балын жогорку сапаттуу экен деп макташкан.

КРдагы туризм. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында 472 мекеме туристтерге тейлөө кызматын көрсөткөн.

Улуттук статистика комитетинин билдиргени боюнча, алардын ичинен 188и санаторий, пансионат, эс алуу үйлөрү, спорттук - ден соолукту чыңдоочу лагерь жана комплекстер кирген атайын адистештирилген жайлар.

Мындан тышкары, 187 мейманкана, жатаканалар, 60 туристтик фирма жана туристтик операторлор иштеген.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, аталган убакыт ичинде туристтерди тосуп алуу, жайгаштыруу боюнча Ысык-Көлдө 900 конок үйлөрү бар болгон. Бул туристтик уюмдардын негизги бөлүгү – 37,5%ы Ысык-Көлдө экенин көрсөтүүдө.

КР калкынын кирешеси. Быйылкы жылдын 6 айында Кыргызстандын калкынын акчалай кирешесинин номиналдык суммасы 208 млрд. 605,3 млн. сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, былтыркы жылдын 6 айына караганда быйыл кирише 23,3%га көбүрөөк болгон.

“Ошол эле учурда калктын акчалай кирешесинин булагы эмгек ишмердиги болуп, кирешенин жалпы көлөмүндөгү үлүшү 71%ды түзөт”, - деп белгилейт Улуттук статистика комитети.

Ал эми кыргызстандыктардын кирешелеринин реалдуу суммасы 203 млрд. 982 млн.сомду түзүп, былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнөн 20,6%га көп болгон.

Пенсияга каражат. Пенсияны жогорулатууга 659 миллион 209 миң сом өлчөмүндө каражат салынууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев “Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, Социалдык фонддун 2019-жылга бюджетинин долбоору 54 миллиард 61 миллион 345,3 миң сом суммасындагы кирешелер боюнча түзүлдү.

Жакшылыкка болгон үмүт. "Centerra Gold Inc." компаниясы кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу "Centerra Gold Inc." компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бул болжолдуу көрсөкүчтөрдөн жогору болуп саналат, ошондой эле ишкананын иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди активдештирүүнү улантуу жана келерки 2019-жылы өндүрүштү жогорулатууга жетишүү көздөөлүүдө. Мындан тышкары, компания тарабынан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн алдыдагы капиталдык салымдар боюнча кошумча сунуштар иштелип чыгууда.

Алтын жетишпейт. Кыргызстандын алтынга болгон муктаждыгы жылына 5-5,5 тоннаны түзөт. Өлкөдө жылына 20 тоннага жакын алтын чыгарылат. Эмне себептен мындай катышта өлкөгө алтын жетишпейт?

Бул жумада аталган суроого экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев жооп берди.

“Улуттук банктын маалыматына ылайык, аларга алтындын резервин толтуруу үчүн жылына 2,5 тонна алтын керек. Атамекендик зергерлер үчүн 2,5-3 тоннага жакын алтын керек. Бирок зергерлер бул көлөмдөгү алтынды ички рыноктон ала алышпайт. Анткени Кыргызалтындын алтыны толугу менен Улуттук банкка өткөрүлөт. Ал эми Кумтөрдүн алтыны толугу менен чет өлкөлөргө чыгарылат да, Лондондук биржаларда сатылат”, - дейт Айдаралиев.=

Ошол себептен кыргыз зергерлери өздөрүнө чийки затты башка өлкөлөрдөн издеп, дүйнөлүк баалар менен сатып алып жана салыктарды төлөп алып келүүгө мажбур.

Ошол себептен мамлекеттик өндүрүш комитети алтын кендерин жана металлдарды иштетүүдө киреше салыгын 3%га көтөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеген.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий