Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 23-28.03.2020

Аналитика 0

Бул аптада көп жаңылыктар өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал жана айрым жерлердеги өзгөчө абалга байланыштуу болуп, өлкөдөгү кырдаал ишкерлер менен бизнестин ишине чектөөлөрдү киргизди десе болот. Коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстандын бюджети 350-450 млн доллар зыян тартары айтылууда. Мындан улам Кыргызстан эл аралык каржы институттарына жардам боюнча кайрылууда.

Банктардын иши. Өзгөчө абал режими шартында, банк жана төлөм системасы банк кызматтарынын негизги түрлөрүн сунуштоо, төлөө жана которуу операцияларын ишке ашыруу менен өзгөчө абалдын талаптарына ылайык тартипте иштейт.

Улуттук банк, экономика чөйрөсүнүн жана калктын нак акчага муктаждыгын коммерциялык банктар аркылуу керектүү банкноттордун номиналдары жана монеталар менен толук көлөмдө жана өз убагында камсыз кылуу багытында үзгүлтүксүз иш алып барууну улантарын билдирди.

КР төлөм системасы, анын ичинде "Элкарт" улуттук төлөм системасы киргизилген өзгөчө абал шартында иштеп, нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр ар түрдүү нак эмес жана аралыктан төлөө инструменттерин колдонуу менен жүргүзүлөт (банк төлөм карттары, электрондук капчыктар, "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемеси, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр жана которуулар, мобилдик банкинг, интернет банкинг ж.б.).

Эл аралык валюта фонду бөлгөн каражат. Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 120,9 млн доллардык насыя берүүдө. Ал насыя өлкө бюджетин колдоого жумшалат. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган фонддун аткаруу кеңеши Кыргызстандын шашылыш жардам механизми боюнча кайрылуусун жактырып, 80,6 млн доллар бөлгөн. Ошондой эле тез насыялоо механизминин алкагында 40,3 млн доллар берилүүдө.

"Бул насыя жеңилдик шарттары менен берилгенин айтып өтөлү. Ал өлкө бюджетин колдоого жумшалат. Пандемиянын чыгышы өлкөбүздүн макро жана микроэкономикалык перспективасын алсыздандырды. Төлөм балансындагы ажырымды көрсөттү. Ал ажырым 400 млн доллар деп бааланууда", - деди ал.

Антикризистик чаралар. КР вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын өлкө экономикасына тийгизе турган терс таасирин азайтуу жана бизнести колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын билдирди.

"Премьер-министрдин, тиешелүү министрлик жаан мекемелердин катышуусу менен кеңешме өтүп, анда аталган антикризистик план каралды. Ал планда насыя, салык жана экономикалык жардамга байланыштуу маселелер каралган. Бирок, башка мамлекеттердин, алсак Россия, Европа же Казакстандын тажрыйбасындай жасай албай турганыбызды түшүнүү керек. Аларда салыкты бир убакытка токтотуп коюу үчүн бюджет жана резервдик фонддору бар. Биз өзүбүздүн каржы мүмкүнчүлүгүбүзгө туура баа беришибиз керек", - деди ал.

Бул чаралар өзгөчө абал киргизилген учурда чыгаша тартып жаткан бизнес өкүлдөрүнө салыктык каникулдарды берүүгө багытталган.

Пенсия, жөлөкпул убагында берилет. Учурда айлык маяна, пенсия жана жөлөкпулдар өз убагында берилип жатат. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Ал белгилегендей, пандемиянын чыгышы өлкөбүздүн макро жана микроэкономикалык перспективаларын алсыздандырып, төлөм балансындагы ажырымды көрсөттү. Ал ажырым 400 млн доллар деп бааланууда.

"Ушул тапта Кыргызстандын өкмөтү эмгек акылар, жөлөк пулдар боюнча бардык төлөөлөрдү жана бюджеттин башкы чыгашаларын каржылоолорду өз убагында жүргүзүүдө. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз", - деди ал.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдагы бюджеттин дефицити 450 млн долларга чейин болушу мүмкүн экенин айткан.

"Центерранын" төлөмдөрү. Кыргызстан 26,4% акциясына ээ болгон, "Кумтөр" кенинде алтын иштеткен Centerra Gold Inc. канадалык компаниясы 2016-жылдын экинчи жарымынан бери алгачкы ирет 1 жөнөкөй акцияга 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө, жалпы 11,75 млн канадалык доллар же 8,2 млн АКШ доллар дивиденд төлөй тургандыгын билдирди.

"Кыргызалтын" ААКсы билдиргендей, Centerra Gold'дун 77,4 млн акциясынын ээси катары Кыргызстан дээрлик 2,2 млн доллар алышы кажет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий