• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 23-29.04.2018

Аналитика 0

Салыктарды жыйноо жакшырууда. 2018-жылдын январь-мартында КР Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 309, 8 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. Белгиленген план 101,2%га же 215,9 млн сомго аткарылган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 1 млрд. 742,6 млн сом же 10,5%га көбөйгөн.

Ишенимдүү божомол. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасынын 2018-жылы 3,5% деңгээлде өсүшүн божомолдойт.

Банктын адистеринин талдоолоруна ылайык, 2017-жылы Кыргызстандын экономикасы 2016-жылдагы 4,3% караганда 4,6% деңгээлине жетти. Жетишилген көрсөткүч кыйла жогорку мамлекеттик чыгымдар жана акча которуулары менен өлкөнүн өнөр жай тармагындагы өсүүнү чагылдырат.

2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы экономиканын төмөндөшүн адистер мындай тендеция негизги алтын өндүрүүчү “Кумтөр” ишканасындагы өңдүрүштүн көлөмүнүн кыскарышынын күтүлүшүнө байланыштуу жүрөрү менен түшүндүрүшөт. Бирок ошол эле учурда 2019-жылы өсүү айрым ички экономиканын жакшыруулары жана аймактагы туруктуу өнүгүү менен 4%га чейин калыбына келет

Инфляция. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляция 4% деңгээлинде күтүлүүдө, деп эсептешет Азия өнүктүрүү банкынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча адистери.

Келтирилген талдоолорго ылайык Кыргызстандын жылдык орточо инфляциясы 2017-жылы 3,2%га өскөн, бул мурдагы жылдан 2,8%га көп.

Өлкө кирешеси өсүүдө. Мамлекеттик бюджеттин үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталындагы кирешесинин жалпы көлөмү 32 млрд 374,3 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4%га өскөн.

КР Каржы министрлиги билдиргендей, белгиленген план 102,7%га аткарылган. Бул номиналдык көлөмдө 852,1 млн сомду түзөт. Ал эми буга чейинки көрсөткүчтөрдөн артыкчылыгы - 1 млрд 354,3 млн сом.

Перифериялык төлөмдөр. 2018-жылдын 3 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төлөмдөрдүн саны дээрлик 2 эсеге көбөйүп, перифериялык жабдуулар аркылуу бюджетке төлөмдөрдүн суммасы 3 эсеге өскөн.

Үстүбүздөгү жылын биринчи кварталында перифериялык жабдуулар аркылуу (төлөм терминалдары, уюлдук жана электрондук капчыктар, интернет-банкинг, уюлдук банкинг) салык төлөөчүлөр бюджетке 70,1 млн сомго 65 миң 137 салык төлөмүн жүргүзүшкөн.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы. Мамлекеттик карызды тейлөөгө үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында КР Каржы министрлиги тарабынан 5,2 млрд сом же 76 млн АКШ долларын бөлүү пландалууда.

Бөлүнгөн каражаттар ички жана тышкы карыздарды төгүүгө бирдей бөлүнгөн. Учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 4,4 млрд АКШ долларын түзсө, алардын 1,7 млрд долларын Кытайга болгон карыз түзөт.

Кымбат лот. Кыргызстандын Улуттук банкынын эң кымбат лоту болуп “Манас эпосунун 1000 жылдыгы” алтын тыйыны эсептелет. Ал 23 миң сом баштапкы баа менен сатыкка коюлуп, 108 миң сомго сатылды.

“Эл аралык тоо жылы” сериясындагы “Архар” жана “Эдельвейс” күмүш тыйындары үчүн аукциондун катышуучулары 5 миң сом баштапкы баадан 20 миң сомго чейин күрөшүштү.

Жалпысынан аукционго 66 лот коюлган. Алардын 2 алтын, 34 күмүш, ошондой эле барактагы саны 30 тыйын болгон 1 тыйын номиналындагы желим кутудагы коллекциялык тыйын бар.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий