• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 24-29-июль 2017-жыл

Аналитика 0

Салыктардын түшүүсү өстү. Бул жумада Салык кызматынын маалыматы боюнча мамлекеттин бюджетине 7,6 млрд сом көлөмүндөгү салык түшкөнү белгилүү болду. Мындай сумма ишкер субъекттерди 6 миң 66 салыктык текшерүүлөрдүн натыйжасында чогулган. Бул сумма 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 995,7 млн сомду же 64%ды түздү.

“2017-жылдын 6 айында төмөнкү салык түрлөрү боюнча божомол план ашыгы менен аткарылды: кен иштетүү салыгы – 119,2%га, кыймылсыз мүлк – 116,2%га, алтын кен иштетүү компанияларынын киреше салыгы – 114,7%, ЕАЭБ кошумча нарк салыгы – 100,7%, айыл чарба жерлерин иштетүү салыгы – 113,9%. Кумтөрдүн дүң продуктусунан түшкөн салык 128,0%, пайыз салыктары – 102,1%, салыктык эмес түшүүлөр – 129,1%, айыл чарбасынан тышкары жер иштетүү салыгы – 122,6%. Кыйла көлөмдүү салыктык түшүүлөр түстү металл – 20%, соода ишканалары – 14%, байланыш – 9%, башка ишмердиктер – 10%, курулуш – 5%, кесиптик ишмердик – 5%, электр энергетикасы – 6%, каржы кызматтары – 4%, унаа – 3%, өнөр жайдын башка тармактары – 3%”, - деп билдирди КР Салык кызматы.

Акча көлөмүнүн өсүшү. Алдын ала маалыматтар боюнча 2017-жылдын январь-июнунда Кыргызстандын бюджетине 64 млрд 254, млн сом түшкөн. Бул планга карата 105,8%ды түзөт (план – 60 млрд 710,6 млн сом). Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2016-жылы акча түшүүлөр 15,6%га же 8 млрд 694,9 млн сомго өскөн.

Республикалык бюджеттин жалпы көлөмү 55 млрд 671,9 млн сомду түзүп, планга карата 107,1% болгон. Былтыркы жылга салыштырмалуу 8 млрд 9 млн сомго көбөйгөн.

Салыктык түшүүлөр 41 млрд 328,7 млн сомду түзүп, план 100,7%га ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин өсрүшү 4 млрд 540,7 млн сомду түзгөн. Салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 78,9% болгон.

Чехиялык ишендирүүлөр. Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу тендеринде утуп алган «Liglass Trading» компаниясынын башчысы Михал Смелик видео кайрылуусунда калыбына келтирилүүчү энегрия булактары тармагында көп жылдык тажрыйбалары бар экенин айтты.

“Сөз келишимдер менен байланыштуу көп багыттар тууралуу болуп жатат. Бул долбоорду ишке ашырууга боло турган рынокту, долбоорду табуу дегенди билдирет. Ага каржы алуу жана эң акырында курулушту ишке ашыра турган кызматтарды көрсөтүүчүлөрдү табуусу керек. Демек, менин тажрыйбам бул кызматтардын топтомун даярдай алуу, аларды бардык өнөктөштөрдүн жана өзүмдүн муктаждыктарымды канааттандыргандай кылып координациялай алуу жөндөмүмдө болуп саналат. Жеке өзүм жана мен көзөмөлдөгөн компаниялар тобу көптөгөн өлкөлөрдө электр станцияларын куруу долбоорлоруна катышкан. Мисалы, Чехия, Словакия, Италия, Англия, Румыния, Сербия, Россия (Чеченстан), Индияда. Алар көп жана мен өнөктөштөрүм менен кубаттуулугу 1 гигаватт жана көлөмү 2 млрд долларлык долбоорлорду ишке ашырдык”, - леп билдирди М.Смелик.

Чехиялык төлөмдөр. КР Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен иштетүү мамлекеттик комитети бул жумада бир ЖМКлардын Кыргызстанда ГЭСтерди куруу тендеринде утуп чыккан Liglassмдө Trading CZ, SRO» чех компаниясы кепилдик төлөмдөрдү төлөбөгөнү тууралуу маалыматтарын четке какты. Мамкомитеттин билдирүүсүндө: Атайылап кырдаалды курчутуу жана долбоорду дискредитациялоо боюнча такталбаган, кээде жалган маалыматтарды жайылтуу уланып жатканын өкүнүү менен билдиребиз”, - деп айтылат.

Араб салымы. Президент Алмазбек Атамбаев “КР жана Сауд өнүктүрүү фондунун Түндүк-Түштүк унаа жолун кайра куруу долбоору боюнча насыялык келишимин ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Бул келишимге 2017-жылы 17-майда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлуп, ушул эле жылы 22-июнда ЖК тарабынан кабыл алынган.

Келишимде Түндүк-Түштүк унаа жолунун 159-чу чакырымынан 183-чакырымына чейин (Дыйкан айылы – Кызыл-Жылдыз айылы) кайра оңдоо .

Сауд Аравиясынын каражаттары Түндүк-Түштүк унаа жолунун абалын жакшыртууга, дренаждык иштерине, асфальттоо жана көпүрөлөрдү оңдоого жумшалат.

Мигранттардын салымы. 2017-жылдын 5 айында Кыргызстанга мигранттардын которуулары 615 млн доллардан ашкан. Өткөн жылдын ушул мезгилинде которуулардын саны 456 млн доллар болгон. Айрым маалыматтар боюнча, бул сумма Кыргызстанга мигранттардын мурдагы жылдардагы которуулардан кыйла ашкан.

Инвестициялардын өсүшү. 2017-жылдын 7 айында Кыргызстанда инвестициялардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 30%га өстү. КР Өкмөт башчысынын айтымында, өлкөнүн экономикасына инвестициялар адамга аба-суудай зарыл. “Биз инвесторлор үчүн эң мыкты шарттарды түзүшүбүз керек”, -деди С.Жээнбеков.

Кыргызстандын өкмөтү республика инвесторлор үчүн бейишке айланышы керек деп эсептейт. Кандай болсо да инвесторлорду чочутпастан, аларга ыңгайсыздык жаратпашыбыз керек. Өкмөт бул багытта ишти күчтөндүрүү керек, - деп эсептейт КР Премьер-министри.

Мамлекеттик карыз. 2017-жылдын 31-майына карата мамлекеттик карыз 288 млрд 768 млн сомду түзгөн. КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча алардын ичинен тышкы карыз 263 млрд 215 млн сом же 91,1%, ички карыз – 23 млрд 553 млн сом же 8,9%.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2017-жылдын 6 айында бюджеттен мамлекеттик карызды төлөөгө 10 млрд 426 млн сом багытталган. Алардын ичинен 4 млрд 830 млн сом - тышкы карызды, 5 млрд 631млн сом ички карызды төлөөгө кеткен.

Каржы тобокелдиктери. Быйылкы жылы Кыргызстанда бюджетке 8,9 млрд сомдун түшпөй калуу кооптонуусу бар. Мындай тынчсызданууну бул аптада КР Каржы министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, бюджетти аткаруу үчүн экинчи жарым жылдыкта бир нече кооптонуу бар. Учурда республикалык бюджеттен 19,8 млрд сом сарпталган. Алардын ичинен 700 млн сому жыл башынан бери катталган жаратылыш кырсыктарын чечүүгө багытталган.

1 млрд сомдон ашыгы өлкөнүн укук коргоо органдары үчүн объекттерди курууга жумшалган. Мындан тышкары, президенттик шайлоону өткөрүүгө 479 млн сом бөлүнгөн. Дагы 243 млн билим берүү жана башка тармактарга кеткен. Министрлик бардык мамлекеттик бюджеттик органдарды чыгымдарды жана кошумча суроолорду кыскартууга чакырды. КР Каржы министрлигинин пикиринде 8,9 млрд сом бюджетке түшпөсө, бюджеттин толбой калуу тобокели бар.

Бирок, КР Министрлер кабинетинин башчысы бюджетти аткаруу мыйзамда каралганын жана аны аткаруу зарыл экенин билдирди.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий