Бул апта экономикалык жаңылыктарга бай болбосо да экономика үчүн бир катар маанилүү окуялар болду. Улуттук статистика комитети, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн борбор калааларындагы орточо маянаны карап, аларга эмне жана канча көлөмдө сатып алууга болорун эсептеп чыккан.
Жер берилбейт. Бул аптада каржы министри Бактыгүл Жээнбаева тышкы карызды төлөө үчүн 2025-2028-жылдары эң көп каражат жумшала тургандыгын билдирди. Ал эми экономика министри Санжар Муканбетовдун айтымында, учурда карыздын көлөмү ИДПнын 48%ызын түзүүдө. Ал эми анын чеги 80% деп белгиленген.
Парламенттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, карызды төлөөдө Кыргызстан өз жерлерин эч кимге бербейт.
"Кыргызстандын өкмөтү бул маселе боюнча так жооп берди", - деди ал.
Меморандум. Бул аптада Түштүк Кореянын борбору Сеулда КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети кореялык GOPPE.C.C. KOREAHOLDING. Co., LTD. компаниясы менен түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Меморандумга кол койгон эки жак Кыргызстанда ГЭС долбоорлоо жана куруу боюнча кызматташууну көздөөдө.
ЕАЭБдеги баа. Бул аптада Улуттук статистика комитети, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор калааларындагы орточо айлык маяналар боюнча салыштыруу жүргүзгөн. Маселен, Бишкекте орточо маянага болжол менен 64 килограмм уй этин сатып алууга болсо, Москвада андан үч эсе көп – 129 килограмм сатып алууга болот.
Учурдагы расмий маалыматтар боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор калааларынын ичинен Москвадагы баалар башкаларга караганда кымбат болгон.
2019-жылдын сентябрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 0,38 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,27 АКШ доллары) - Нур-Султан шаарында белгиленген. Ушул эле мезгилде уй этинин эң төмөн баасы (1 килограмм үчүн 4,11 АКШ доллары) - Минск шаарында, биринчи сорттогу ун (1 килограмм үчүн 0,42 АКШ доллары) жана кой этиники (1 килограмм үчүн 4,29 АКШ доллары) - Бишкек шаарында, пастеризацияланган сүттүн баасы (1 литр үчүн 0,67 АКШ доллары) - Нур-Султан шаарында байкалды.
2019-жылдын сентябрында пастеризацияланган сүткө орточо чекене баанын деңгээли Бишкек шаарында, Нур-Султан шаарына караганда 9,5 пайызга жана Минскке салыштырмалуу 5,4 пайызга, уй этиники Нур-Султан шаарына караганда 2,4 пайызга, Минскке салыштырмалуу 16,6 пайызга жогору болгон. Муну менен бирге, 2019-жылдын сентябрында биринчи сорттогу ундан жасалган нанга болгон орточо керектөө баалар Бишкек шаарында Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 38,3 пайызга, жумурткага - 12,5 пайызга жана картошкага - 12,9 пайызга жогору болгон.
Карыздар. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 9 айында салык карыздарын мажбурлап өндүрүү боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 3 млрд 740 млн сом өндүргөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 51,1 млн сомго көп же өсүү ыргагы 139,1 %ды түзгөн. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө салык төлөөчүлөргө тапшырылган 7 млрд 609,3 млн сом суммасындагы 79 миң 184 чечимдин ичинен 56 миң 123 чечим боюнча 2 млрд 623,6 млн сом өндүрүлгөн.
Мындан сырткары, салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине 2 млрд 499,4 млн сом суммасына 2 миң 682 салыктык төлөм талаптары коюлган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 874,5 млн сом сумма менен 137 талапка көп. Алардын ичинен 495,6 млн сому өндүрүлгөн.
Ошондой эле жыл башынан бери 1 млрд 168,3 млн сом суммасында 1 миң 266 материал сотко өткөрүлүп берилген. Алардын ичинен 775 млн сом суммасында 651 материал боюнча салык карызын бюджеттин пайдасына өндүрүү каралган.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн бюджетке 9,2 млн сом суммасында 4 миң 407 айып салынган, анын ичинен 3 миң 655 айыптан 7,4 млн сом өндүрүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий