• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 30.03-04.04.2020

Аналитика 0

Коронавирустан улам бул экономикалык апта жаңылыктарга бай болгон жок. Көпчүлүк жаңылыктар коронавирустун жайылышынын айынан түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча аракеттерге байланыштуу болду.

Доллардын курсунун жогорулашы. Бул аптада Кыргызстандын улуттук валютасы эки ирет куну түштү.

Өткөн айдын ортолорунда өлкөнүн валюта рыногуна болгон тышкы таасирлерден улам доллардын курсу 73 сомдон 12 сомго чейин кымбаттап, 85 сомго жеткен. Улуттук банк жүргүзгөн интервенциядан кийин доллардын курсу бир аз ылдыйлаган.

Бул аптада да доллардын курсу көтөрүлүп – сатып алуу 83 сом, сатуу 84-84,90 сомго чейин жетти, мындан улам КР Улуттук банкы валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады.

Улуттук банк валюта рыногунда 14,2 млн доллар саткан (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен – 10 млн доллар, бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен – 4,2 млн доллар). Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери сегизинчи ирет интервенция жасап, жалпы 210,4 млн доллар сатты.

Учурда айрым банктарда долларды сатып алуу 83,90-84,30 сом, ал эми сатуу 84,70 сомду түзүп жатат.

Эсептик чен. Бул аптада Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырганын билдирди.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясынын жайылышы жана мунайга карата дүйнөлүк баанын кескин төмөндөшү 2020-жылдын март айынын башынан тартып тышкы чөйрөдөгү жагдайдын олуттуу өзгөрүшүнө алып келди. Учурда дүйнөлүк экономиканын басаңдашы, товардык-чийки зат жана финансы рынокторундагы дүйнөлүк баалардын жогорку волатилдүүлүгү, ошондой эле соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарынын алсызданышы байкалууда.

Тышкы экономикалык шарттардын таасири жана чек аралардын жабылышы Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүккө айрым чектөөлөрдү жаратты. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында 2020-жылдын январь-февраль айларында 4,3 пайыз деңгээлинде катталган ИДӨнүн орточо өсүшү кийинки чейректер ичинде экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү менен алмашышы мүмкүн.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун антикризистик планы. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду (РКӨФ) өлкөдөгү ишкерлерди колдогон антикризистик пландын экинчи пакетин бекитти.

"Кыргыз Республикасынын экономикалык абалына байланыштуу, айрым мамлекеттик чек аралар жабылды, жарандардын кыймыл аракетине чектөө киргизилди жана валюта рыногундагы абалдын өзгөрүлгөнүнө байланыштуу РКӨФ башкармалыгы каржылоону Фонддун линиясы аркылуу банктардан жана МФУ-өнөктөштөрдөн алган кичи-орто бизнестин субъектилерине антикризистик пландын экинчи пакетин түзүп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Антикризистик ыкчам пакет төмөнкүлөрдү камтыйт;

  • ​Башкы карызды жана кредитти 3 айга узартылган мөөнөттө төлөп берүүгө болот.
  • ​АКШ доллары менен каржыланган пайыздарды төлөөгө үч айга мораторий каралган.
  • Коммерциялык банкта кепилдик менен камсыздандырылгандарга шарттар жумшартылды.

Кредит төлөөдөгү бул ырааттама базар шартындагы олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу болгондуктан, реструктуризация деп саналбайт.

Кореянын колдоосу. Корея Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 50 миң доллар акча каражатын бөлөт.

Кореянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, Корея өкмөтү каражатты Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) аркылуу бөлмөкчү.

"Кыргызстанда коронавирустун жугуу учурлары көбөйүп жаткандыгын жана медициналык жабдыктардын жетишсиз экендигин эске алып, Корея Республикасынын өкмөтү KOICA аркылуу ыкчам түрдө жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

50 миң доллар 600 даана бир жолку колдонуучу коргоочу кийимдерди, 1 миң беткап, 500 даана N95 респиратордук беткап, медициналык көз айнектерди жана колкап алууга жумшалат.

Электрондук эсеп-фактура. КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы токтому менен салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар тарабынан электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонуунун мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин 2019-жылдын 1-июлунда ишке киргизилген электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор да үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

Чектөөнү алуу. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчү салык органына келбестен салык кызматынын сайтындагы жеке кабинети аркылуу эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин бир айдын ичинде кайталап алуусуна чектөөнү алып салды.

"Бул өлкөбүздө өзгөчө кырдаал, ал эми айрым аймактарда – өзгөчө абал режими жарыяланган мезгилде ишкерлердин салык органдарына келүүсүн минималдаштыруу максатында, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана парламенттин депутаттарынын билдирүүлөрүн эске алуу менен ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Социалдык төлөмдөр убагында берилет. Кыргызстанда пенсия өз убагында жаан толук түрдө төлөнөт.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, Кыргызстанда 670 миӊден ашык пенсионер бар.

"Алардын ичинен 55%ы банкттардан пенсиясын алса, 45%ы пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алат. Келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат. Каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт”, - деди Ирсалиев.

Соцфонддун төрагасынын айтымында, банктык картасы жокторго почта кызматынын кызматкелери пенсиясын үйлөрүнө жеткирип берет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий