• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын экономикасы жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөтүүдө

Аналитика 0

Кыргызстандын экономикасында чоң секирик, арыштуу кадам жасалды. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары экономикалык өсүштүн туруктуу оң динамикасын жана тенденциясын көрсөттү. Өлкө экономикасы жагымдуу тышкы факторлорго жана дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөргө карабастан ишенимдүү түрдө өнүгүүдө. Улуттук статистика комитетинин алдын-ала баалоосу боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) быйылкы жылдын жети айында өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,7% жогорулап, ИДПнын көлөмү 677,1 млрд сомду түздү. Экономисттер жыл соңуна чейин мындан жогору экономикалык көрсөткүчтөргө жетүүнү болжолдошууда.

"ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактардын жана салыктардын ѳсүү темпинин жогорулашынан улам камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 8,4%га жогорулады",- деп жазылат Улуттук статистика комитетинин маалыматында.

"2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 млрд сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7% түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн президенттин администрациясынын кызматкерлери менен болгон кеңейтилген жыйында.

Курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жай жана айыл чарбасынын үлүшү мурдагы деңгээлде сакталып калган. Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде белгиленген убакытта курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 96,7 млрд сомду түзүп, мурунку жылдын жарым жылдыгына караганда 43,3 % көбөйгөн. Кыргыз өкмөтү бул көрсөткүчтөрдү соңку жылдардагы эң жогорку жетишкендик катары баалады.

Качан өнөр жайда өсүш болгондо, ал бүт экономиканы өргө тартат. Акыркы алты айдагы экономикалык өсүш негизинен кызмат көрсөтүү, товар өндүрүү, курулуш тармагында байкалса, өнөр жай жана айыл чарбасынын үлүшү мурдагы көрсөткүчтү сактаган. 2024-жылдын январь-июль айларындагы өсүштүн негизги драйвери кызмат көрсөтүү багыты болду, көрсөтүлгөн айлардын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын көлөмү 546 млрд сомду түздү.

“2024-жылдын акыркы алты айына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 45,6% жана тышкы каржылоо булактарынын 2 эсеге өсүшүнүн эсебинен камсыздалды. Белгиленген убакытта инвестициялардын негизги көлөмү пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды”, - деп билдирди улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева.

Ал эми айыл чарбасынын дүң продукциясы 165,7 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 106,6% түздү. Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулуктун дүң продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү өткөн жылдын тиешелүү мезгилге салыштырмалуу өсүмдүк продукциясын өндүрүүнүн жана мал чарба продукциясынын 2,2 % көбөйүшү менен камсыз болду.

Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, суусундуктар, тамеки жана фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү 20% көбөйдү, 12,1% электр энергиясын берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен энергетика тармагы өсүшкө жетишти. Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде быйылкы жылдын январь-июлунда курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 96,7 млрд сомду түзүп, 43,3 % өстү. Белгиленген мөөнөттүн жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 98,3 млрд сомду түзүп, 54,1% өстү. Бул көрсөткүчтүн маанилүүлүгү ар кандай булактардан келген каражаттардын агымы Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторуна багытталат.

Экономист Эркин Абдразаковдун айтымында, Кыргызстандын ички дүң продукциянын көлөмүндө 8,7% өсүү болгону бул жакшы көрсөткүч. Мында ИДПнын көлөмү 677,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 108,7% түзгөндүгү маалымдалууда.

"Жалпы Евразиялык экономикалык шериктештикке кирген мамлекеттердин бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасы да болду, бирок өлкөнүн негизги потенциалын айта турган болсок, мына быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 ири объектини ачуу каралган. Эл аралык мааниде да бир топ донорлор менен иштөө кызуу жүрүүдө. Тейлөө жакшырды, алган суммалар азыраак өскөнү менен ишкана-мекемелер, өндүрүш тармагына көбүрөөк көңүл бөлүнүп, жыйынтыгында өсүү башталды. Улуттук валютабыз туруктуу деңгээлде өсүп бара жатат. Экспорттук жана башка өндүрүштүк потенциалыбыз, мүмкүнчүлүктөрүбүз өстү. Ошонун натыйжасынды өлкө экономикасындагы бул өсүш жарым жылдыктын жыйынтыгы эле болуп жатат. Буйруса жылдын аягына чейин дагы бюджетти толтуруу сыяктуу жакшы ийгиликтер болот. Чектөөлөр киргизилип, патент менен иштөө маселеси дагы жоюлду. Ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдө, дүкөндөрдө, мейманкаларда, туризм комплекстеринде да кассалык аппарат колдонуу кызуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу көмүскө экономиканын көлөмү бир топ азайды. Жылдын жыйынтыгы менен мындан жакшы экономикалык көрсөткүчтөргө жетишебиз деген терең ишенич бар”, - деди ал.

Жагымдуу шартка ылайык, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү чекене сооданын жалпы көлөмү 33% өстү. Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу өлкөдө акыркы жарым жылда инфляциялык процесстердин басаңдашы байкалууда. Ошол эле учурда социалдык-маанилүү азыктардын, товарлардын баалары өзгөрбөстөн, кайра арзандоо көрүнүштөрү байкалууда.

Коомчулукту кызыктырган экономикалык өсүштүн дагы бир маанилүү көрсөткүчү кызматкердин орточо айлык эмгек акысы акыркы жарым жылда 35 298 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 % өскөн.

Бюджет тарабынан каржыланган кызматкерлердин эмгек акысы менен пенсиялык төлөмдөрдүн мезгил-мезгили менен жогорулашы баалардын жана тарифтердин өсүшүн жаап, калктын кирешесинин реалдуу өсүшүн камсыз кылууга багытталууда.

“2024-жылдын башынан тартып экономикалык өсүш жалпысынан оң динамиканы көрсөтүүнү улантууда. 2024-жылы экономикалык өсүш 106,3 % деңгээлинде күтүлүүдө, ИДПнын номиналдык көлөмү 1 414,7 миллиард сом суммасында болот, ал бардык экономикалык секторлордун өсүшүнүн эсебинен камсыздалат: айыл чарбасында – 2,5 %; өнөр жайда – 3,1 %; кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 6,1 %; курулушта – 15,7 %”,- деп айтылат Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында.

Эксперттер өнүгүүнүн мындай ишенимдүү темпин сактоо маанилүү экендигин белгилөө менен Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына чыгып жатканын белгилешүүдө. Бардык тармактарда көрсөткүчтөр жакшырып, өлкө өнүгүүгө карай бет алды.

Пикир

Оставить комментарий