• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандын экономикасы жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн КР ппрезидентинин администрациясынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Администрациянын ишинин негизги аспектилерине токтолуп, мыйзамды так сактоонун жана аткарылган иш үчүн жогорку жоопкерчиликтин зарылдыгына токтолду.

"2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 млрд сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт", – деген Акылбек Жапаров дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөткөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий