• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын элчиси Базарбаев Италия Сенатынын төрайымы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италия Сенатынын төрайымы Мария Элизабетта Альберти-Казеллати менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда элчи Т.Базарбаев маектешке Кыргызстандагы маанилүү саясий трансформациялар тууралуу кеңири маалымат берип, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга жана башкаруунун жаңы формасын киргизилгенине көңүл бурду.

Элчи ошондой эле депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, эл аралык байкоочулардын, анын ичинде Европа Кеңешинин жана ЕККУнун миссияларынын курамында Италия парламентинин депутаттарынын тарабынан берилген оң баасын белгиледи.

Тараптар 2020-жылы Кыргызстандын Италиядагы элчилиги ачылгандан кийин кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен тараптар эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда иш сапарлар менен алмашуу ниетин ырасташты.

Тактап айтканда, Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин тийиштүү комитеттеринин ортосундагы жолугушуулар жана алмашуу сапарлары аркылуу кызматташууну активдештирүү, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун түзүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Элчи Т.Базарбаев жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн, ошондой эле Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоого карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымат үчүн: Италия парламенти эки палаталуу мыйзам чыгаруу органы болуп саналат, анын курамына 945 шайланган парламентарийлер кирет. Парламенттин түзүмү депутаттар палатасынан (630 депутат) жана 315 сенаторду камтыган Сенаттан турат. Формалдуу түрдө эки палата өзүнүн макамы боюнча тең. Сенаттын компетенциясына согуш абалын жарыялоо жана Өкмөткө зарыл ыйгарым укуктарды берүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо кирет.

М.Казеллати 2018-жылдын 24-мартынан бери Сенаттын спикери болуп, Италиянын тарыхында бул кызматты (өлкөдөгү экинчи маанилүү кызмат орду) ээлеген биринчи аял, ошондой эле Италиянын тарыхында эң жогорку мамлекеттик кызматка жетишкен айым болду.

Пикир

Оставить комментарий