Кыргызстандын элчиси Люксембургдун Улуу Герцогу Анриге ишеним каттарды тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд жана Люксембургдагы элчиси Айдит Эркин Люксембургдун Улуу Герцогу Анриге ишеним каттарды тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Кабыл алуу жүрүшүндө Айдит Эркин Люксембургдун Улуу Герцогу Анриге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды чагылдырган китеп-альбомду белекке ыйгарды.

Өз кезегинде Люксембургдун Улуу Герцогу Анри өлкө борборунун көчөлөрүнүн бирине ысымы ыйгарылган Чыңгыз Айтматов менен убагында жолугушуу буйругандыгын өзгөчө жылуу сезим менен белгилеп, Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы байланыштар эки тараптуу негизде жана Европа биримдиги менен кызматташуунун алкагында бекемделишине ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, ишеним каттарын тапшыруу аземинин алкагында элчи Айдит Эркиндин Люксембургдун Улуу Герцогунун администрациясынын, Тышкы жана Европалык иштер, коргоо, кызматташтык жана тышкы соода министрлигинин, ошондой эле Люксембургдун Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушууларда саясий жана соода алакаларынын келечеги, аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий