• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Бейшембиев Пакистандын дары каражаттарын жөнгө салуу кызматынын башкы директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. 15-июль күнү Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Э. Бейшембиев Пакистандын дары каражаттарын жөнгө салуу кызматынын Башкы директору Асим Рауф менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Э. Бейшембиев Ковид-19 эпидемиясына байланыштуу Кыргызстандагы оор кырдаал, өлкөнүн дары-дармектерге жана медициналык шаймандарга болгон муктаждыгы жөнүндө айтып, медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү жана ЕАЭБ, ЕБ (ЕБ ВСП+ программасына эки мамлекеттин мүчөлүгүн эске алуу менен) базарларына экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз кылган.

Пакистандын дары каражаттарын жөнгө салуу кызматынын башкы директору Пакистандын Кыргыз Республикасы менен дары-дармектерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасына экспорттолуучу медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү жана Пакистан дары-дармектерин Кыргыз Республикасына жеткирүү жаатында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий