• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Махмуджан Рахматов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 2-августунда 69 жаш курагында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын ​чыгаан артисти, кыргыз театр искусствосунун залкар актёру, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Махмуджан Рахматов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Махмуджан Рахматов​ 1951-жылы​ Өзбекстан Республикасынын​ Андижан облусуна караштуу Хожабад районунда туулган. Ташкенттеги Островский атындагы Театр институтунан билим алган.

Ош шаарындагы Бабур атындагы (мурдагы Киров атындагы)​ театрга 1969-жылы жумушка​ кабыл алынып, өмүрүнүн акырына чейин үзүрлүү эмгектенди. Сахнанын чебери нечендеген образдары​ ​ жеткире аткарып, күйөрмөндардын жүрөгүнөн орун тапкан. Ал: Макбет (“Макбет”), Карабатыр (“Тохир жана Зухра), Пири Зиндоний (“Чынгызхан алып кеткен сыр”) , Махмудхан (“Бабур”), Насруллохон (“Надира”), Хуршиддин (“Лайли жана Мажнун”), Карасакал (“Курманжан датка“), Глостер ("Король Лир") ж.б. этаптык кайталангыс образдарды жаратып, бир нече эл аралык театр фестивалдарында искусство чеберлери тарабынан жогору бааланган.

Махмуджан Рахматов театр искусствосундагы зор эмгектеги менен 1990-жылы​ "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" ардактуу наамына татыктуу болгон. Эл аралык Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыкка татыган.

Махмуджан Рахматов чыныгы чебер катары бүт өмүрүн театр тармагынын өркүндөп өсүшүнө арнады. Ал улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, маданият аркылуу бел байлап, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү боло алды.

Маркумдун жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Махмуджан Рахматовдун үй- бүлөсүнө,​ ​ туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

А.Ж.Исмаилова, Д.А.Эсеналиев, Т.А. Темиралиев, А.К.Жаманкулов, Б.У.Салиев, А.Эркебаев, К.Б.Базарбаев, Ж.У.Саралаева, У.К.Жылкыбаев, Т.Н.Сарыбашев, С.А.Раев, К.О.Иманалиев, Б.Жакиев, М.Т.Байжиев, Ж.Сейдахматова, М.Далбаева, М.У.Алышпаев. А.А.Абдыкалыков, М.С. Шаршенбаев, Г.К.Каниметова, Г.А.Ажибекова, Ж.А.Сыдыкбаева, Н.И.Мамбетова, З.М.Сооронбаев, Д.С.Баратбаева, Д.Б.Нургазиев, А.Набиева, Р Асанов, А.Шабданова, Б.А.Тохтоматов, Р. Ураимжанов, Ш.Дадажанов, Б.Кадыров, Б.А.Фаттахов, А.Абдугафуров, Г.Садыбакасова, Ж.О.Кулманбетов, А.А.Абдуразаков, Ш.Бекташев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий