• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын ФАОдогу туруктуу өкүлү тоолуу аймактарды өнүтүрүү боюнча баяндама жасады

Коом 0

Бишкек, 09.12.23./Кабар/. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы (ФАО) туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев «Тоолуу аймактарды өнүктүрүүдөгү беш жылдык иш-аракеттер» маселеси боюнча баяндама жасады. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Кыргызстандын туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу күн тартибин көптөгөн эл аралык платформаларда алдыга илгерилетүүдөгү алдыңкы ролу, 2022-жылы декабрда кабыл алынган, БУУнун Башкы ассамблеясынын 110дон ашык мүчө-мамлекеттери тарабынан авторлош болгон “Туруктуу тоолорду өнүктүрүү” резолюциясынын курамдык бөлүгү болгон “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” концепциясын кыргыз тарап иштеп чыкканын айтып берди.

Кыргызстандын туруктуу өкүлү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясына катышуунун алкагында Дубайда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тоо маселелерине өзгөчө басым жасап, тоо экосистемаларынын климаттык жана экологиялык проблемаларын чечүүгө багытталган тоолуу өлкөлөрдүн аракеттерин колдоо боюнча дүйнөлүк коомчулукту чакырганын өзгөчө белгиледи.

Италия, Испания, Филиппин, Коста-Рика, Эквадор, Кения, Перу, Япония, Таиланд, Индия, Румыния, Португалия, Өзбекстан жана Россиянын делегациялары өз сөзүндө Кыргызстан «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» демилгечи болгондугун өзгөчө белгилегенин жана кыргыз тараптын аракеттерин колдоого чакырганын белгилей кетүү керек.

Бул маселени ФАОнун Кеңешинде кароонун жыйынтыгы боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму БУУнун системасынын башка уюмдары менен бирге тоо күн тартибин илгерилетүү жана Беш жылдыктын Глобалдык иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча милдеттерди өзүнө алат деген чечим кабыл алынды.

Маалымат үчүн: Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргызстандын, Италиянын жана башка бир катар тоолуу өлкөлөрдүн Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн демилгеси менен ФАОнун Римдеги штаб-квартирасында 2023-жылдын 4-декабрынан 8-декабрына чейин өтүп жаткан ФАОнун Кеңешинин 174-сессиясынын күн тартибине “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” маселеси киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий