Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы БАЭге минималдуу эсеп менен жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы командасы Бириккен Араб Эмираттар (БАЭ) курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн келе жаткан Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында бүгүн Абу-Дабинин Mohammed Bin Zayed стадионунда өттү.

Беттештин алгачкы бөлүгүнүн жүрүшүндө командалар бир катар кооптуу учурларды жарата алышты, бирок ага карабастан биринчи таймда оюндун эсеп саны ачылган жок.

Экинчи таймдын башында Гүлжигит Алыкулов экинчи сары айып кагазын алып, беттеш команданын он оюнчусу менен уланды.

Атаандаш команданын оюнчулары бир катар чабуулдарды уюштурганы менен Эржан Токотаев өз ордунда болду. Бирок, экинчи таймдын негизги бөлүгүнүн аягында калыс "Ак шумкарлардын" дарбазасына 11 метрлик айып соккусун дайындап, эсеп санын атаандаштар ачты.

Ошентип, БАЭ — Кыргызстан оюну 1-0 эсеби жана талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий