КР футбол боюнча улуттук курамасы Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Футболчуларды "Жалал-Абад" аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңшинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды.

Улуттук курама команда Жалал-Абаддагы "Барселона" академиясында машыгуу өткөрөт. Машыгуу 4-июнга чейин уланат.

Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курама команда, Дүйнө чемпиондугуна жана Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында июнь айында Малазия жана Оман менен беттеш өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий