Кыргызстандын футбол курамасы FIFA`нын рейтингинде бир сапка төмөндөдү

Спорт 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда FIFA`нын расмий сайтында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.

Анда Кыргызстандын улуттук курамасы буга чейинки рейтингтик көрсөткүчкө салыштырмалуу бир сапка төмөн түшүп, 101-орунду ээледи. Учурда Кураманын капчыгында 1213,6 упай бар.

Ал эми Азия футбол конфедерациясы зонасында курама 17-орунду сактап калды.

Пикир

Оставить комментарий