• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстандын футбол курамасы Жидда шаарында машыгуу өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Сауд Аравиянын Жидда шаарына келди.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, окуу-машыгуу жыйыны 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы оюндарга даярдык көрүү максатында өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, Максим Лисицындын командасы Катар курама командасы менен конокто (10-октябрда), ошондой эле өз оюн талаасында Түндүк Корея менен (15-октябрда) беттешет.

Отуз оюнчудан турган команда 8-октябрга чейин машыгуу жыйынын өткөрүп, андан соң биринчи беттешин өткөрүү үчүн Катарга жөнөйт.

Түндүк Корея менен беттеш Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө болот. Билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий