• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын жаштарын стипендиялык программа аркылуу Германияда окутуу каралат

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Омурбек Текебаев Конрад Аденауэр атындагы Фонддун “Азия жана Тынч океан региону” департаментинин жетекчиси Христиан Эхле менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Кыргызстан менен Конрад Аденауэр атындагы Фонддун ортосундагы кызматташуу жана аны келечекте өнүктүрүү талкууланды.

Борбордук Азиядагы кызматташуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө, Конрад Аденауэр атындагы Фонддун стипендиялык программасы аркылуу Кыргызстандын жаштарын Германияда окутуу, ошондой эле башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин пландаштыруу каралды.

Белгилей кетсек, Конрад Аденауэр атындагы Фонд Германиядагы ири саясий фонддордун катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий