Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.
Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Кулуевге 1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген. 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.
Шабданбек Кулуев 13 китептин автору болот.
Пикир
Оставить комментарий