• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Албаниянын Тирана шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 28-31-октябрь күндөрү өтөт.

Грек-рим күрөшү курама команданын тизмеси:

  • 55 кг Улан Муратбек уулу;
  • 63 кг Дастан Кадыров;
  • 72 кг Ийгилик Сатымкул уулу;
  • 82 кг Азат Салидинов;
  • Улукбек Карачолоков, Арсен Эралиев улук машыктыруучулар;
  • Азат Эркинбаев башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча курама команданын тизмеси:

  • 61 кг Тайырбек Жумашбек уулу;
  • 70 кг Алибек Осмонов;
  • Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков улук машыктыруучулар;
  • Руслан Маджинов башкы машыктыруучу.

Пикир

Оставить комментарий