• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 2 пайызга өстү

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 2018-жылдын январь-октябрь айында 420 миллиард сомду түздү жана 2017-жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 2 пайызга өстү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин эркин иштер жана статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, ИДПнын түзүмүндөгү чоң үлүш кызмат көрсөткөн тармактарга туура келген. Алар анын жалпы көлөмүндө 45 пайызды түзгөн, өндүрүштүн көлөмү 19 пайызга жакын, айыл чарбанын көлөмү 14 пайызга жакын, курулуштуку 7 пайыздан ашкан.

"Кумтөр" кенин эске албаганда ИДПнын көлөмү январь-октябрь айларында 382,6 миллиард сомду түзүп, 2,6 пайызга өскөн. Айыл чарбада айыл чарба өндүрүшүнүн дүңүнөн чыгарылышынын өсүшү былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу мал чарбасынын өндүрүшүнүн (2,1 пайызга), өсүмдүк өстүрүүнүн өндүрүшүнүн (2,8 пайызга) көбөйүшү менен шартталды", - деди ал.

Турдубаева курулуш секторунда негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү былтыркы жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу ишмердүүлүктүн көпчүлүк түрлөрүндө белгиленгенин айтты.

Андан сырткары ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялардын көлөмү 20,9 пайызга өскөн. Ал эми тышкы булактардын эсебинен 25,1 пайызга төмөндөгөн.

"2018-жылы инвестициянын негизги көлөмү, дээрлик 78 пайызы пайдалуу кендерди казып алуу боюнча, өндүрүштөрдү кайра иштетүүчү объектилерди курууга, электр энергиясы жана газ менен камсыздоого, транспорттук ишмердүүлүккө жана турак жай курулушуна багытталган", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий