• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстандын ИИМ өкүлдөрү Ташкентте кесиптештери менен тажрыйба алмашууда

Коом 0

Ташкент, 27.11.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун жетекчилигинде Кыргызстандын делегациясы Өзбекстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында, Кыргызстандык укук коргоо органдарынын мүчөлөрү менен Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары Бекмурод Абдуллаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен жолугушуусу орун алды. Алар Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын ишмердүүлүгү, заманбап технологиялары менен таанышып, өз ара пикир алмашты.

Ошондой эле коноктор Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгына барып, киберкоопсуздук борборун, Маалымат жана мультимедиа борборун, Бирдиктүү оперативдүү башкаруу борборун жана Тарых музейин көрүштү.

Бул иш сапар Өзбекстандын ички иштер системасынын иши, коопсуздук тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жетишкендиктер менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк берди жана бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болоору айтылды.

Пикир

Оставить комментарий