• 86.17
  • 93.86
  • 0.87

Кыргызстандын өкүлү ШКУнун "Элдик дипломат" төш белгиси менен сыйланды

Коом 0

Ташкент, 30.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму жана Жибек Жолу өлкөлөрүнүн кыргыз интеграциялык борборунун директору Нурсултан Аденов Өзбекстандагы ШКУнун Элдик дипломатия борборунун "Элдик дипломат" төш белгиси менен сыйланды.

Н.Аденовго бул сыйлык этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты, өз ара ишенимди, цивилизациялар аралык диалогду чыңдоого, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, жарандык коом институттарынын, анын ичинде жаштар жана аялдар уюмдарынын кызматташуусунун достук чөйрөсүн түзүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Сыйлыкты ШКУнун Өзбекстандагы Элдик дипломатия борборунун директору Кобилжон Сабиров күнмурун Ташкентте өткөн “Өзбекстандын элдик дипломатиясы: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу Элдик дипломаттардын 1-конргессинде тапшырды.

“Элдик дипломат” төш белгиси ШКУнун Өзбекстанданы Элдик дипломатия борбору тарабынан 2022-жылы негизделген. Акыркы үч жылда бул сыйлыкка ШКУга мүчө мамлекеттердин, мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын 150гө жакын өкүлдөрү татыктуу болушту.

Пикир

Оставить комментарий