• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Кыргызстандын каратэ сётокан боюнча курамасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын каратэ сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн Улуттар аралык SKDUN 31 - дүйнө чемпионатынан кайтып келишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Бактыяр Бокоев жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, каратэ сётокан боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 6 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңген.

Алтын медаль ээлери:

  • Бакыт Жумалиев (жаштар арасында 16-17 жаг кумитэ 63 кг);

Күмүш медаль ээлери:

  • Алибек Эсеналиев (өспүрүмдөр арасында 10-11 жаш кумитэ 34 кг);
  • Самиул Койчубеков (16-17 жаш кумитэ 73 кг).

Коло медалдын ээлери:

  • Дильшат Мамбетов (16-17 жаш кумитэ жана ката 73 кг);
  • Батырхан Мукайбеков, Байыш Элмурзаев, Бакытбек Джумалиев (16-20 жаш командалык оюндар).

Курама команда улук машыктыруучу Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий