• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандын картошкасын Өзбекстандагы супермаркетте сатуу аракети көрүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандагы ири супермаркеттеринин бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бизнес-диалогдун жыйынтыктоочу этабына келди, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы арада тиешелүү келишимдерди түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Веомствонун маалыматына караганда, КР соода өкүлү Алмаз Темирбеков Кыргызстандан картошкөнүн 5 сортун (пикассо, джелли, актриса, санибель жана каптива) үлгү катары алып келип, импорттук процедураларды жүргүзүүдө жана кыргызстандык жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүүдө керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

"Алдын ала жумасына 60 тоннадан 3 жолу жеткирүү макулдашылды. Эки тарап тең узак мөөнөттүү өнөктөштүккө жана сезондук жеткирүүлөргө ниеттенишүүдө.

Кыргызстандан Өзбекстанга картошка жеткирүү Кыргызстанда картошка өстүрүү үчүн ыңгайлуу табигый шарттарды жана Өзбекстанда бул продуктыга болгон талапты эске алганда эң алгылыктуу бизнес мүмкүнчүлүктөрдүн бири.

Пикир

Оставить комментарий