• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү кайрылуу жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

"Биз, Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуулук жана мыйзамды сактоо боюнча кайрылабыз.

1) Жөнөкөй жарандардын жашоосу үчүн зарыл болгон экономикалык жана социалдык түзүмдөрдүн, уюмдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;

2) экономикалык туруктуулукту сактоо биздин негизги милдетибиз болуп саналат.

Ошондой эле өлкөбүздүн эгемендүү, демократиялык жана укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги имиджин сактоо биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири.

Биз Кыргызстан эли ишенип берген жоопкерчилигибизди сезип, өз милдетибизди жана ишибизди уланта беребиз".

Пикир

Оставить комментарий