• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Екатеринбургда мигранттарды тизелетип, "каздарча" бастырган. Кыргызстандын консулу Россия ТИМнин өкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын консулу Гүлнура Нарматова Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Александр Иванов жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ушул жылдын 17-январында Россиянын укук коргоо органдары тарабынан Екатеринбургдагы курулуш объектисинде эмгек мигранттарды, алардын ичинде Кыргызстандын жарандарын рейд учурунда тизелетип, "каздарча" бастыргандыгы болду.

Консул тегине жана жарандыгына карабастан ар бир жаранга карата текшерүү иштерин жүргүзүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Ошондой эле дипломат өкүлчүлүктөн Россиянын Свердлов облусунун көзөмөл органы тарабынан мыйзамдуу эмгек жүргүзүп жатышкан Кыргызстандын жарандарынын ар-намысын басмырлаган мындай ыкмалардын укук коргоо органдары тарабынан колдонулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү жана адам укуктарын бузгандарды жоопко тартууну өтүндү.

Өз кезегинде, Александр Иванов орус тарап бул маселени иликтеп жатканын жана жакын арада Башкы консулдукка расмий жооп жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий