Кыргызстандын коргоо министри Азербайжанга расмий иш сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Күн мурун, 6-июлда Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Азербайжанга расмий иш сапары менен барды.

Министрликтен билдиришкендей, иш сапардын алкагында министр "Шэхид Аллеясында" гүл чамбар койду. Андан соң эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун башчыларынын расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов менен бетме-бет сүйлөшүү, ошондой эле делегациялардын кең форматта жолугушуусу болуп, келечектеги аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуунун өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов жана коргоо өндүрүшүнүн министри Мадат Гулиев менен жолугушуу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий