Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын курамасы алыш күрөш боюнча XVII дүйнө биринчилигинин командалык көрсөткүчүндө биринчи орунга татыды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 22-23-декабрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү.
Кыргызстандын куржунунда 6 медаль: беш алтын жана бир коло медаль бар.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1-орун – Марлен Абдурасулов (60 кг);
1-орун – Элдияр Сексенбаев (70 кг);
1-орун – Орозбек Аширов (100 кг);
1-орун – Анара Рыскулова (55 кг);
1-орун – Мээрим Момунова (60 кг);
3-орун – Нагира Сарбашова (75 кг).
Белгилей кетсек, мелдешке 27 өлкөнүн 275 спортчусу катышкан.
Пикир
Оставить комментарий