• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын кыш мезгилиндеги газ керектөөсү 74,1 млн кубду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда Бишкек жана Ош Жылуулук электр борборлорунун күз-кыш мезгилиндеги газ керектөөсү 74,1 млн кубду түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 390 миң абонент газга кошулган. Газ жеткирүү боюнча "Газпром" компаниясы менен тиешелүү келишимдер түзүлгөн.

"2023-жылдын 10 айында жаратылыш газын пайдалануу 291 млн 900 кубдан (2022-жылга салыштырмалуу) 26 млн кубка көбөйгөн. Ошентип, 53 жаңы конуш газдаштырылып, ал 53 миң турак жайды камтыган жана 1 250 газ түтүктөрү курулуп, жаңы объектилерде газды пайдалануу 2,2 млн кубдан 25 млн кубга өскөн", - деди ал.

Ошондой эле министр кошумчалагандай, 2023-жылы 11 конушту газдаштырылды, анын ичинде Ала-Арча, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза, Бакай-Ата, Төкөлдөш, Жогорку-Көк-Жар, Папеновка, Товарная, Новопавловка жана Селекция конуштары бар.

"Бүгүнкү күндө газ үзгүлтүксүз жеткирилип жатат. Ошондой эле мазут керектөө 28 тоннаны түзөт. Ал запасыбыз бар", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий