• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кыргызстандын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү, энергетика тармагын өркүндөтүү, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды киргизүү жана ЭКБ чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоо жолу менен экономиканы туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.

Жалпысынан бул Мыйзам ЭКБнын негизинде микрогенерация парник газдарынын жана зыяндуу заттардын чыгындыларын азайтууга, электр энергиясын үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Мыйзамда микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатуу лицензияланууга тийиш эместиги тууралуу ченем каралган.

Пикир

Оставить комментарий