Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (тышкы+ички) көлөмү 4 млрд 920 миң 98 миң долларды (416 629,99 млн сомду) түздү.
Экономика жана финансы министрлиги билдиргендей, анын ичинен:
- 84,5%ын мамлекеттик тышкы карыз түзөт: 4 159,47 млн доллар (352 147,11 млн сом);
- 15,5%ын мамлекеттик ички карыз түзөт: 761,51 млн доллар (64 472,88 млн сом).
2021-жылы январь-июль айларында Кыргызстандын республикалык бюджетинен мамлекеттик карызды (тышкы+ички) төлөөгө 21 млрд 790,9 млн сом каралды, анын ичинен:
- мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө – 11 204,8 млн сом;
- мамлекеттик ички карызды төлөөгө – 10 586,1 млн сом багытталды.
Пикир
Оставить комментарий