• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын ишине баа берилди

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында “Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын ишин жана алар менен иш алып барууну баалоо” деген купуя социалдык сурамжылоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу "ТАГС" коммуникациялар бюросу” PR-агенттигинен билдиришти.

Сурамжылоого 30дан ашуун мамлекеттик, жеке менчик жана эл аралык медианын 77 журналисти катышты.

Сурамжылоого катышкандардын 52%ы жеке менчик, 39%ы мамлекеттик, ал эми 9%ы эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

Сурамжылоонун негизги жыйынтыктарына таянсак, журналисттердин 57%ы басма сөз кызматтарынын ишин канааттандырарлык, 20% — канааттандырарлык эмес, 14% — жакшы жана 9% "эң мыкты" деп баалашты.

Журналисттер басма сөз кызматтарынын ишинде эң биринчи кезекте алардын кайрылууларына ыкчам жооп бергенин баалашарын, ошол эле маалда бюрократияны азайтып, суроолорго так, ачык-айкын жооп беришин каалашарын айтышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгында мамлекеттик органдардын эң мыкты жана начар басма сөз кызматтары аныкталды. Журналисттер эң мыкты басма сөз кызматы катары Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматын айтышкан. Рейтингдин экинчи сабын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы ээлесе, үчүнчү орунга Бишкек шаардык мэриясынын, ИИМ жана Улуттук банктын басма сөз кызматтары жайгашкан.

Сурамжылоого алынгандардын пикири боюнча, Билим берүү жана илим, Экономика жана коммерция, Энергетика, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринин жана Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматтары чабал иштейт.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү мамлекеттик ведомстволордун мыкты басма сөз катчылары деп Жылдыз Айгерчинованы (сурамжылоого алынгандардын 18%), Назгүл Жамгырчиеваны (8%) жана Айгүл Молдобекованы (4%) эсептешкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгында мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын ишин жакшыртуу талап кылынарын, айрыкча кесипкөйлүк жана журналисттердин суроо-талаптарына оперативдүү жооп берүү муктаждыгы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий