• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстандын ММК өкүлдөрү пресс-турдун алкагында Ташкенттин алдыңкы телеканалдарына барышты

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстанга барган маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Ташкенттин алдыңкы Sevimli.tv жана ZorTV телеканалдарынын, Өзбекстандын президенттик администрациясына караштуу маалымат жана массалык коммуникациялар агентствосунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Аталган агентство Өзбекстандагы маалымдоо каражаттарын анын ичинде социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары болгон блогерлердин ишин жөнгө салып, көзөмөлдөө менен бирге калкка анык, так маалымат жеткирүү ишин аткарат.

Маалымат жана массалык коммуникациялар агентствосунун директорунун орун басары Дилшод Саиджановдун айтымында, 2019-жылы түзүлгөн агенттиктин милдети буга чейин жабык болгон мамлекеттик органдардын маалымат берүүдөгү ачыктыгын камсыздоо жана жалган маалыматтарды аныктоо.

Ошондой эле пресс-турдун алкагында Кыргызстандан барган медиа тармагынын өкүлдөрү үй-бүлөөлүк Sevimli.tv телеканалынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты. Жети жаштан жетимиш жашка чейинки көрүүчүлөрү бар телеканал негизинен балдардын эс-тутумун өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жогорулатууга багытталган берүүлөрдү жана түз эфирде Zamon жаңылыктар программасын даярдайт. Түзүлгөнүнө 8 жыл болгон Sevimli.tv жеке телеканалында учурда 600 адам эмгектенип, көрүүчүлөрүнүн саны учурда 26 миллион адамды түзөөрү маалымдалды.

Ал эми ZorTV телеканалынын заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрү кыргызстандык журналисттерди кызыктырды. Телеканалдын өкүлдөрү билдиргендей, түстүү музыкалык система менен коштолгон 2 миң кишилик “Ренессанс холл” студиясы Орто Азия боюнча Ташкент шаарында орун алган.

ZorTV телеканалынын башкы директору Энвер Латибжанов билдиргендей, учурда интернеттин жайылышына карабастан, Өзбекстанда калктын 60 пайыздан ашыгы телеканалдарга көбүрөөк ишеним артып, телеберүүлөрдү, жаңылыктарды телеканалдардан көрүшөт.

Сапардын алкагында делегация өзбек медиаларынын иши менен жакындан таанышып, телекөрсөтүүнү уюштуруу, контент даярдоо жана аны көрүүчүлөргө жеткирүү, өлкөнүн маалымат коопсуздугун камсыздоо тармагындагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, эки өлкөнүн маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Эске салсак, пресс-тур Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттеринин пресс-катчыларынын демилгеси менен уюштурулган. Ушул жылдын август айында өзбекстандык журналисттер пресс-турдун алкагында Кыргызстанга келишкен.

Пикир

Оставить комментарий