Кыргызстандын мунай иштетүүчү заводдору жабдууларды импорттоодо КНСтен бошотулду

Экономика 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү заводдор, ошондой эле химиялык жана мунай химиялык өндүрүш ишканалары жабдууларды импорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада чийки мунайды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок.

“Бизде негизинен чийки зат сырттан алып келинет. Сапаттуу күйүүчү май өндүрүү үчүн жабдуулар болушу керек. Ал азыр жок, биз даяр продукцияларды сырттан алып келебиз”, - деди Асылкулов.

Асылкулов КНСтен бошотуу – заводдорго кошумча салык жүгү жок керектүү жабдууларды алууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий