Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Исламабадда "Маданий ынтымакка көмөктөшүү: экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы анын ар түрдүүлүгүн сактоо" деген темада өткөн эл аралык семинарга катышты.
ТИМден билдиришкендей, элчи өз сөзүндө Кыргызстандын маданий-гуманитардык чөйрөдөгү негизги жетишкендиктерин баса белгилеп, биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо, «тоо» стратегиясын ишке ашыруу жана ак илбирсти коргоо боюнча демилгелерге токтолду.
Ал ошондой эле маданияттар аралык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын талкууланып жаткан маселелер боюнча эл аралык кызматташууга ачыктыгын жана бул багыттагы эл аралык демилгелерди колдоого даяр экендигин кошумчалады.
Элчи ЭКУ өлкөлөрүнүн улуттук тилдерин колдоо жана үйрөнүү элдердин маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү үчүн эң сонун аянтча боло алат деген оюн билдирди.
Иш-чаранын алкагында элчи Авазбек Атаханов Пакистандын Улуттук китепканасынын директору Р. Икбал жана ЭКУ Маданият институтунун президенти С. Хан менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Пикир
Оставить комментарий