Кыргызстандын пара пауэрлифтинг боюнча курама командасы Дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара пауэрлифтинг боюнча улуттук курама командасы Дүйнө кубогуна катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Грузиянын Тбилиси шаарында 20-26-июнь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • Максат Аргымбаев;
  • Миргүл Болоталиева;
  • Эсен Калиев.

Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Жыргалбек Орозбаевдин жетекчилиги алдында катышат.

Пикир

Оставить комментарий