• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстандын президенти Италияда. Кызматташтыкка жол ачкан визит

Аналитика 0

Римдеги жолугушуу, бул кылым чейрегиндеги Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы жогорку саясий деңгээлдеги биринчи байланыш. Италияга иш-сапары менен барган Садыр Жапаровду учак алдында ардактуу кароол жана аскердик сый-урмат менен тосуп алышты. Аэропорттон мото-эскорт полициясынын коштоосунда кортеж Италиянын президентинин резиденциясына бет алды. Квиринале сарайында жогорку даражалуу меймандын урматына Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, оркестр эки өлкөнүн гимндерин аткарды.

Садыр Жапаров менен Серджо Маттарелла эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ар тармактуу темалардын кеңири спектрин талкуулашты. Азыр Кыргызстан менен Италиянын саясий жетекчилеринин алдындагы кызматташуу мейкиндиги таза, анткени буга чейин мамлекеттер аралык байланыштар БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде гана болуп келген.

Садыр Жапаров эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана Италияга болгон расмий визити кыргыз-италия карым-катнашынын тарыхында жаңы барактарды ачаарына ишеним билдирди. Президент белгилегендей, эки өлкөнүн кызматташтыкты өнүктүрүү потенциалдары жогору. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташунун келечектүү перспективалары бар.

Мамлекет башчысы Италия президентине бир нече жылдан бери өлкөдө терең системалуу реформалар жүрүп жаткандыгын, бул өзгөрүүлөр биринчи кезекте калктын жакшы жашоо деңгээлин жогорулатууга жана экономиканы көтөрүүгө багытталганын айтып берди. “Мен Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтулам. Салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Андан соң, Киджинин башка сарайында президент Садыр Жапаров Италия министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, туризм жана башка негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуулар болду.

“Бүгүнкү күндө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана чет элдик инвестицияларды тартуу башкы милдеттердин бири. Бул багытта Италия Кыргызстан үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Италиянын премьер-министр Джорджа Мелони бул сапар кыргыз-италиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, Римдин Бишкек менен байланышты чыңдоого даяр экендигин билдирди.

“Биз Италия менен болгон достук мамилени жогору баалайбыз жана аны мындан ары бекемдөөгө умтулабыз”, - деп белгилеген Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Италия жергесиндеги жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Италия парламентинин эки палатасынын спикерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө “Италия Кыргызстан жөнүндө жакшы билүүсүнө, ал эми Кыргызстан географиялык аралыкка карабастан Италияга жакын болуусуна” карата Бишкектин умтулуусу белгиленди. Тоо-кен, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, курулуш, туризм тармактарында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды, анын ичинде Италиядан инвестицияларды тартууга Кыргызстан кызыкдар экендигине басым жасалды.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого да кызыкдар экенин белгилеп, биздин өлкөдө элдик курултайлардын байыркы салты жанданып жатканына көңүл буруп, анда жарандар мамлекеттик түзүлүштүн жана саясаттын маанилүү маселелери боюнча ачык талкуулап, пикирлерин айтышаарын маалымдады. “Азыркы парламенттик демократия элдик курултайлардан башат алып жатат деп эсептейм жана ушул күнгө чейин бул кылымдык салтты ийгиликтүү улантып келе жатабыз. Өз кезегинде, Италияда да парламентаризмдин эзелки салттары бар. Биз Италия менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө умтулабыз”, - деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Кыргызстан лидери менен Италиянын ишкерлер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, биздин өлкөнүн түрдүү тармактарына инвестиция тартуу жана маданий байланыштарды кеңейтүү, өнүктүрүү маселелери каралды. Италиялык ишкерлер соода, энергетика, туризм жана маданият тармактарында эки тараптуу өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциалды белгилеп, ишкерлик байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Форумдун катышуучулары Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга жана ар кандай тармактарда алдыңкы технологиялар жана тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов, акыркы учурдагы биз байкап жаткан жогорку деңгээлдеги саясий карым-катнаштардын ар түрдүүлүгүн, Кыргызстандын жөн эле дүйнөгө таанылышы эмес, көбүнчө өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана трансформациялар аркылуу башка өлкөлөр менен прагматикалык жана өз ара пайдалуу мамилелерди курууга мүмкүн болгон олуттуу мамлекет болуп калганын белгиледи.

“Биринчиден, Италиянын тарыхый-маданий маанисин баалабай коюуга мүмкүн эмес, ал дүйнөнүн заманбап түзүлүшүнүн калыптанышына таасир эткен Рим империясынын мураскери болуп саналат. Римдин укуктары, үрп-адаттары, мыйзамдары жана эрежелери заманбап цивилизациянын өзөгүн түзөт.

Экинчиден, бул адам укуктары менен эркиндиктеринин демократиясынын очогунун бири. Бул Европанын төртүнчү экономикасы. Бул факторлор олуттуу саясий диалогдорду жана ишкерлик байланыштарды түзүүгө жетиштүү. Эгер мен жаңылбасам, бул Кыргызстандын президентинин Римге болгон биринчи визити. Италия сыяктуу өлкөлөр менен достук мамилени чыңдап, тыгыз байланыш түзүү керек. Үчүнчүдөн, Италияда биздин калыптанган, жетишээрлик чоң диаспорабыз бар. Бул адамдар аркылуу маанилүү байланыштарды түзүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болот. Кыргыздар да байыркы цивилизациянын жана этностун өкүлдөрү болгондуктан, эң байыркы цивилизациянын жана маданияттын мураскорлору аталган италиялыктар менен сүйлөшө турган сөздөрүбүз бар”,- деп сөзүн жыйынтыктады Зайнидин Курманов.

Эксперт белгилегендей, Кыргызстан үчүн Италия менен мамиле түзүү бул экономикалык өз ара аракеттенүү жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр. “Италиялыктар жогорку эффективдүү экономиканы, өнүккөн социалдык коомду түзө алышты. Кандайдыр бир деңгээлде бул бийликте узак убакыт бою социалистик партиянын тургандыгынын жыйынтыгы. Ошентип, бул жакта социализм СССРден да эрте курулган. Ошол эле «Жигули», Союз учурундагы эң көп эл айдалган автоунаа, италиялык Фиат болгон”, - дейт Зайнидин Курманов.

Экономика багытынан алсак, экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров Кыргызстан менен Италиянын биргелешкен долбоорлору пайдалуу жана жемиштүү боло турган бир катар тармактарды белгилейт.

“Биздин кызматташтык бир нече багыттарды өзүнө камтышы мүмкүн. Италия жогорку сапаттагы унааларды жана жабдууларды өндүрүүчү катары дүйнө жүзүнө белгилүү жана күчтүү химиялык өнөр жай өндүрүшүнүн ээси. Жеңил өнөр жай, текстиль жана айыл-чарба сыяктуу тармактарда биз өз ара соода жүргүзүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү кеңири кызматташтык багыттарын таба алабыз. Агроөнөр жай секторунда Италия алдыңкы технологияларга ээ жана алар биз үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Андан тышкары, Италия энергетика, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана курулушка түз инвестициялардын булагы боло алат. Ал эми Кыргызстан өзүнүн уникалдуу тоолуу ландшафты жана бай маданий мурастары менен экотуризм абдан өнүккөн Апеннин жарым аралынын жашоочуларын кызыктырышы мүмкүн. Биз экологиялык жана маданий маршруттарды өнүктүрө алабыз. Туристтик инфраструктураны түзүү, тажрыйба алмашуу бул биз үчүн абдан жемиштүү иштей турган багыт. Билим берүү жана маданият чөйрөсүндө эки өлкөнүн институттарынын ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрсө болот”, - деди Төлөнбай Абдыров.

Географиялык аралык заманбап технологиялардын өнүккөн заманында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдук деле боло албайт. Италия менен Кыргызстандын ортосундагы миңдеген километр алыстыкты кыскарткан биринчи кадам жасалды. Президенттин Италияга болгон расмий сапарынын алкагында Рим шаарында “Кыргызстан” паркынын салтанаттуу ачылышы болду. Салтанатка делегациянын курамындагы расмий адамдар, Италияда жашаган биздин диаспоранын өкүлдөрү катышты.

Материалды даярдаган Кирилл Степанюк, которгон Чолпон Жумалиева

Пикир

Оставить комментарий