• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстандын президенти Парижде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат

Президент 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Парижде өтчү XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий