• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстандын продукциясын Россиянын соода борборлорунда сатуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.10.24. /Кабар/. Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишов "Кировский" компаниялар тобунун коммерциялык директору Евгений Стирлигов менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын "Кировский" соода борборлорунда сатуу маселеси талкууланды.

Компаниянын коммерциялык директору Кыргызстан менен продукцияны жеткирүү жаатында кызматташууга жана аларды базар баасы менен сатып алууга даяр экендигин билдирди. Евгений Стирлигов компаниянын айыл чарба продукциясын сактоо үчүн бардык инфраструктурасы иштей тургандыгын белгилеп, зарыл болгон учурда кыргыз тарапка жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле ал кызыкдар компаниялардын жана продукциялардын тизмесин берүүнү өтүндү.

Маалымдама: "Кировский" компаниялар тобу 1987-жылдан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндө анын Екатеринбургда жана Свердлов облусунда 152 дүкөнү жана соода борбору бар. Мында ай сайын 5 миллиондон ашык сатып алуулар жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий