• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Норильск шаарына консулдук кызмат уюштурат

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Норильск шаарына консулдук кызмат уюштурат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-19-сентябрында Норильск шаарындагы КР жарандарынын консулдук кызматтарга муктаждыгына байланыштуу, алар үчүн чыгуучу консулдук кызмат пландаштырылууда, анын ичинде КР паспортторун кабыл алуу / алмашуу үчүн арыздарды кабыл алуу жүргүзүлөт.

Кыргызстандыктардын коомдук бирикмесинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын 80ге жакын жаранына консулдук кызмат көрсөтүүлөр күтүлүүдө.

Бул иш-чара РФдагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулууда.

Жарандарды кабыл алуу Норильск шаары, Октябрдын 50 жылдыгы, №1 үй дареги боюнча жүргүзүлөт.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

• Консулдун ишеним телефону: +7 (925) 115-50-47;

• Норильск шаарындагы консулдук кызматтардын дарегин жана убактысын тактоо үчүн:

Мээрим-Норильск шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери: + 7-927-260-34-84.

"Элчилик Норильск шаарында жашаган жарандардан туугандарына жана досторуна Норильск шаарында пландаштырылып жаткан консулдук кызмат тууралуу маалымат берип коюсун суранат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий