• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү классикалык концерт менен жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият жана искусство күндөрү Москвадагы Филармония 2 залында өткөн классикалык концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, концертте маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жана Россиянын маданият министринин орун басары Андрей Малышев сөз сүйлөп, маданий байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ажымалиев, маданият күндөрүнүн Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүктү бекемдөөгө көмөктөшөөрүн айтты. Малышев да маданий алмашуулар жалпы ишенимди жана достук байланышты күчөтүүдө маанилүү экенин баса белгиледи.

Концерттин программасы кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын камтыды, угармандарга музыкалык традицияларды тааныштырып, кыргыз маданиятын жайылтууга мүмкүнчүлүк берди.

Пикир

Оставить комментарий