• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетине үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашууда ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин, ошондой эле төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктайт, ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимине ылайык, үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде Уюмдун бюджетине мүчө-мамлекеттер жыл сайын киргизет.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул макулдашуу күчүнө киргенден тарта 2003-жылдын 29-майындагы ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашуусу күчүн жоготот.

Андан тышкары, тиркемеде ШКУга мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү белгиленип, ага ылайык ШКУ бюджетине Кыргызстандын үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзө турганы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандын ШКУ бюджетине төгө турган үлүшүнө кызыкты. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, 8,8 пайызды акчага которгондо, ал болжол менен 696 миӊ 830 доллар болот.

Депутат 696 миӊ доллар өтө эле көп каражат экенин, Кыргызстан мынчалык каражатты бир дагы уюмга төлөбөй турганын белгилеп, ШКУ түзүмүндө канча кыргыз өкүлү иштерин сурады. Өкмөт өкүлү анда 6 квота белгиленгенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий