• 87
  • 90.59
  • 0.86

Спорттук күрөш боюнча улуттук курамаларга жаңы машыктыруучулардын талапкерлиги көрсөтүлдү

Спорт 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучулардын жалпы жыйыны болду.

Күрөш федерациясынан билдиришкендей, анда спорттук күрөш боюнча түрлөрүнүн улуттук курама командасына башкы жана улук машыктыруучулардын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Эркин күрөшкө:
- Башкы машыктыруучу Азат Мирахимов
- Улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулу
- U-23 улук машыктыруучу Илгиз Жакыпбеков
- U-20 улук машыктыруучу Алмаз Аскаров
- U-17 улук машыктыруучу Улан Надырбек уулу
- U-15 улук машыктыруучу Нарынбек Дүрбөлөң уулу

Кыз-келиндер күрөшүнө:
- Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков
- Улук машыктыруучу Нурдин Дөңбаев
- U-20 улук машыктыруучу Билимбек Капарбек уулу
- U-17 улук машыктыруучу Нурсултан Аскарбеков
- U-15 улук машыктыруучу Маралбек Рапилбек уулу

Грек-рим күрөшүнө:
- Башкы машыктыруучу Уран Калилов
- Улук машыктыруучу Азат Бейшебеков
- U-23 улук машыктыруучу Атай Замирбеков
- U-20 улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеев
- U-17 улук машыктыруучу Дастан Муктаров
- U-15 улук машыктыруучу Замир Бейшебеков.

Белгиленгендей, жыйындын катышуучулары көрсөтүлгөн талапкерлерди колдошту. Эми алдыда тийиштүү документтер жана квалификациялык талаптар каралып, машыктыруучулар расмий түрдө бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий