• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын түштүгүндө дагы эки RestPoint эс алуу жайы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө миңдеген туристтер өтө турган жерлерде эки RestPoint эс алуу жайы ачылды. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири Улуу Жибек жолунда атактуу Өзгөн мунарасынын жанында жайгашкан. Бул мунара мындан дээрлик миң жыл мурда, Өзгөн Караханиддер мамлекетинин экинчи борбору болуп турганда курулган.

Ал эми экинчиси Сузак районунун Барпы айылында Бишкек - Ош унаа жолунун боюнда ачылды. Азыр Кыргызстандын түштүгүндө төрт эс алуу борбору бар - Барпыда, Өзгөндө, Кара-Көлдө жана Жалал-Абадда.

Мындан тышкары, жакында Ысык-Көлдө эки жаңы RestPoint ачылат.

Заманбап жана нукура эс алуу жайлары буга чейин туристтер тарабынан да, жергиликтүү жарандарыбыз тарабынан да бааланган. Алгачкы RestPoint өткөн жылдын жазында Кеминде, айланып өтүүчү жолдун бурулушунда пайда болгон жана Ысык-Көлгө саякаттагандардын бардыгы азыр жолдо ыңгайлуу эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Эс алуу пункттарында сиз электр унааңызды жана гаджетиңизди кубаттап, кофе же чай ичип, тамактанып, душка түшсөңүз болот. Бардык RestPoint популярдуу жана бош туристтик маршруттарда жана шаарлар аралык каттамдарда жайгашкан.

Өзгөн жана Барпы айылдарындагы жаңы эс алуу пункттарынын ачылыш аземине Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Болотбек Дыйканбаев, Ош жана Жалал- Абад облусунун администрацияларынын өкүлдөрү катышты

Пикир

Оставить комментарий