Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө бүгүн, 10-февралда саат 11:24тө катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Өзгөн районунун Кара-Дөбө, Салам-Алик, Ара-Көл, Байбиче айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий