• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө түндө саат 02:53тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында Байбиче айылынан 15 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 120 чакырым түндүктө жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий