• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстандын түштүк аймактарында сел жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Күн мурун Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, кечээ 17:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д.Садырбаев жана Базар-Коргон районундагы Шайдан-Сай сайына жакын жайгашкан турак жайларга сел кирип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курам тартылып, Жарандык коргоо кызматтары менен биргеликте ыкчам чаралар кабыл алынып, жаралган кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин көрүшкөн.

Ошондой эле 17:30дар чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айылында, Калта-Арык жана Шоро тилкелеринде, Коргон - Катраң-Баул унаа жолунун 1-8-чакырымында, Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун 316-320-чакырым аралыгында сел суулары келип, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгө райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Б.Атакулов баштаган ыкчам топ тартылып, тазалоо иштерине бир грейдер жана жүктөгүч тартылган.

Калта-Арык участкасында 5, Кара-Суу айылында 1 турак жайга кирген, калыбына келтирүү иштерине 10 куткаруучу тартылган.

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы селден улам Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун 278-чакырымында унаа каттамы үзгүлтүккө учурап, жерине Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Т. Турдуев жана Өзгөчө кырдаалдарга маниторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси И.Ормонов баштаган ыкчам топ тартылды.

Натыйжада 2 турак үйдүн жертөлөсүн тазалоо жумуштары колго алынып, жалпы 20 куткаруучу, ал эми саат 21:59да Аэропорт тилкесинде жашаган жергиликтүү элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн автобус жана атайын техника тартылды.

Ал эми Кадамжай районунун аймагында да нөшөрлүү жаан жаап, анын кесепетинен Охна сел өткөрүүчү сайындагы темир бетон шакекче менен курулган 5 көпүрөнү бузуп кеткен.

Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында да сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген. Мындай сел сууларынан тазалоо иштерине жалпы 38 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий