• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстандын тайбокс курамасы Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңди

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5 медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт депеартаментинен билдиришкендей, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль.

Кыз-келиндер арасында Аделя Асылбек кызы (60 кг) жана Милана Шихшабекова (51 кг) алтын мелдалга ээ болушса, Орозбекова Махабат 67 кг чейинки салмакта 2-орунду ээлеген. Ошондой эле Шарипа Мунарбек кызы 45 кг чейинки салмак категориясында коло медалды утуп алган.

Ал эми эркектер арасында Ихтияр Каныметов 63,5 кг чейинки салмакта 3-орунга ээ болгон.

Эске салсак, аталган мелдеш 14-18-август күндөрү өтүп, ага курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.

Пикир

Оставить комментарий